Главная » 2010 » Ноябрь » 1 » КАЧАНГА ЧЕЙИН ТЕНТИЙБИЗ КЫРГЫЗ?
08:56
КАЧАНГА ЧЕЙИН ТЕНТИЙБИЗ КЫРГЫЗ?
АСМАН ПРЕСС ГЕЗИТИНДЕ 28-ОКТЯБРЬ КУНУ (5-БЕТ) КООМУБУЗДУН МУЧОСУ МЕДЕР БЕКТИН МАКАЛАСЫ ЖАРЫК КОРДУ.

Бош убактарымда интернетке кирип кыргыз боордошторум менен маектешем. Маектештеримдин баарынын журок оорусу Кыргызстан. Акыркы убактарда мекенибизде болуп жаткан окуялар чет жерде эмгектенип жургон кыргыз жарандарын тынсыздандырбай койбойт.

Мекендештер менен суйлошуп отуруп аларга ичимден ыраазы болуп кетем. Ондогон жылдардан бери оз камын ойлогон бийлик тарабынан унутулуп, тагдырдын кол шилтоосуно туш болгонуна карабастан акча таап, уй-булоосун, ата-энесин багуу айласында, ата бабабыз кадам баспаган дуйнонун ар кайсы булун бурчуна барып кыйналдым дебей, ар кандай жумушка конуп, чыдап иштеп жургон кыргыз элимди коруп таазим кылгым келет. Мындай нерсе ар элдин эле колунан келе бербейт, дуйнонун 3-чу олколорундо жыл сайын миндеген адамдар ачкалыктан олумго дуушар болушат.

Тилекке каршы элибиз ишенип шайлап, колдоп келген атка минерлер элдин ишеничин актабады. Азырга чейин эл учун, мамлекет учун иштоонун ордуна, алар дагы деле биринин этин бири жеп, бийлик талашып, орун талашып, мамлекетти жарытып, талап-тоноп, элди кыйнап келишет. Сиз добуш берип шайладыныз, сиз майданга чыгып кан токтунуз ал адамдар учун. Бирок алар бир жолу болсо да босогонузду аттап сурап койдубу акыбалынызды? "Кантип нан таап жашап жатасын элим” деп? Мен ойлойм – жок!

Томонкудой суроо туулат: дагы канча жыл талаада, чет жерде тентип журобуз? Биз го ушул кундорду коруп, кыйналсак да чыдап уйрондук, бирок биздин балдарыбыздын тагдыры кандай болот? Алар да башка элге малай болобу? Журок сыздаса да, турмуштун кыстоосунан улам жаш балдарын алыска, чет жерге жонотуп жаткан ата-энеге боорум ооруйт.

Эмне себептен мамлекетибиз ушул абалга дуушар болду деген ой туулат? 19 жыл мурун баардык КМШ олколору менен бирдей эле убакта СССРдин курамынан чыгып эгемендуулук жолунда кадам таштадык. Бирок эмне себептен азыркы кезде КМШ олколору арасында эн артта калып, карызга белчебизден батып отурабыз?

"Балык – баштан сасыйт” деген жакшы макал бар элибизде. Бала-чакадан кемпир чалга чейин эле баары саятчы болуп кетишти. Мунун зыяны эле болбосо – эч пайдасы жок.  Эртеден кечке баардык массалык маалымат каражаттарынан саясат тууралуу, шайлоо тууралуу, партиялар тууралуу маалымат бере бербестен элдин оюн, кучун башка тарапка жумшоо керек. Мисалы экономика тармагына. Ар куну ар кайсы ондуруш ишканалары ТВ ден корсотулуп, гезит беттеринен жарыяланып турса, элибиздин конулу да ошондой нерселерге бурулмак. Бири бирине улгу болуп дегендей. Ошондо коптогон кичи ишканалар ачылып, элибиз да иш менен камсыз болуп баштамак. Эн негизгиси элде кызыгуу пайда болмок жумушка.

Ушул максатта интернет коомчулугу арасында биздин кыргыз жаштары тарабынан тузулгон "Бириккен Кыргыз Атуулдары” деген коомдук бирикменин жетекчилигинде, интернеттеги белгилуу сайттардын биринде "Кыргызстан – ондуруш олкосу” аттуу бизнес-форум откордук Сентябрь айында. Ошол форумда жаряланган кайрылууну бул жерге кошо кетсем:

Урматтуу бизнес-форумдун катышуучулары, "Бириккен Кыргыз Атуулдары” уюмунун мучолору!

Баарыбызга эле белгилуу болгондой элибиз да, мамлекетибиз да оор кундорду башынан откоруп жаткан убак. Тарыхта мындан да оор турмушту коргон кыргыз элибиз: оз жеринен куугунтукталган, кыргынга учуратылган. Бирок кыргыз чыдамдуу эл. Коптогон кыйынчылыктарга дуушар болгонуна карабастан азыркы кундо мына Кудайга шугур эгемендуу мамлекетибиз бар, жерибиз бар. Бирок оз жерибиз, оз мекенибиз туруп копчулук боордошторубуз  азыр деле турмуштун куугунтуктоосунда журот чет жерлерде уй-було багам деп.

Ушул кыргыз жери учун, кийинки муундар эч ким кимге коз каранды болбой бакубат жашасын деп ата-бабаларыбыз кылымдар бою душман менен курошуп келген.

Бирок тилекке каршы ушул кунго чейин ишенип шайлап келген атка минерлерибиз,  эгемендуулугубузду баалабай, жерибизди да, элибизди да, эркиндигибизди да сатып келишет бир оздорунун менчиги сыяктуу уялбастан.

Ушундай Ала-тоосу, Ысык колу, Фергана ороону бар, коптогон маданияттардын башаты болгон, бешиги болгон, жумшак климаттуу, Азиянын борборунда жайгашкан оз жерибизде иштесек болбойт беле баарыбыз чет жерлерде тентибей, чет элдин кызматын кылбай? Эмне себептен дуйно жузуно тентип кетти кыргыздын жумушка жарамдуу кыз жигити?

Себеп айкын! Оз жерибизде татыктуу айлыктуу жумуш жок. Экономикабыз туруксуз жана ото алсыз.

19 жылдан бери бийликтегилерден жана бийлик талашкандардан ниет кылып умуттонуп келет элибиз, онолуп кетээр турмушубуз деп. Дагы качанга чейин кутоорубуз белгисиз. Ошондуктан бийликтен эле умуттонуп кол куушуруп олтура бербей озубуз да ойлонолу кыргызстандын эртенки кунун жана биргелешип аракет кылалы. Коп которгон жук женил болот деп бекер айтылган эмес. Аракет кылсан – берекет болот демекчи, биз аракет эле кылсак – берекет да созсуз болот!

Баарыбыз дуйнонун ар бурчунан кирип бул жерде чогулуп жатканыбыздан улам, жагдайыбызга жараша, Кыргызстандын экономикасына багытталган бул бизнес-форумубуз азырынча интернет аркылуу отуп жатат. Кийинчерээк Кудай буюрса биргелешип Кыргызстанда иш жургузуп калсак жузмо жуз жолугуп откоруп турабыз ушундай талкуулоолорду.

Томноку суроолор боюнча баарыныздар оз ой-пикир, сунуштарынызды жазсаныздар:

1.      Кантип Кыргызстандын экономикасын онуктурууго болот?

2.      Кандай ондуруш ишканаларын ачуу керек?

3.      Кандай технологияларды киргизуу керек?

4.      Кайсы тармак приоритеттуу же болбосо кайсы тармакта конкурент боло алабыз башка олколор менен?

Арабызда ар кесиптин, ар жумуштун окулдору бар. Баарынар тартынбай оз оюнарды айта кетсенер. Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы. Ошондуктан ушул форумга оз сунушунузду киргизуудон тартынбаныздар, активдуу катышуунарды кутобуз! Алга кыргыздын чыныгы атуулдары!

  

Жогоруда жазылган кайрылуубуз эч кимди кайдыгер калтырган жок. Улуу кичуу дебей форумга мекендештерибиз ото активдуу катышышты. Кээ бир мучолорубуз олкодогу тамырлашып калган коорупция, бизнестин онугуусуно жолтоо болуп жатканын айтышса, кээ бир мучолорубуз мамлекетибизде уланып келе жаткан саясий туруксуздуктун айынан ички жана тышкы инвестицияларды качырып жатканыбызды белгилей кетишти. Кичи ондуруш тармагына мамлекет тарабынан да колдоо корсотулбой келгендиги айтылды форумда. Олкобуз 12 жыл мурун КМШ мамлекеттеринен алдынкылардан болуп ВТО нун (Всемирная Торговая Организация) мучолугуно киргенине карабастан бул багытта жакшы иш алып барылбагандыгы баса белгиленди. Оз ондурушубузду онуктуруп, дунуйого сапаттуу оз продукциябызды сатуунун ордуна, Кытайдын товарына конуп алганыбыз айтылды. Импорт менен экспорттун балансы бузулуп, импорт басымдуулук кылгандыктан чет олкодон келген акчалар кайра эле олкодон агып чыгып кетип жатканын билдиришти катышуучуларыбыз.

Бизнес-форумду жыйынтыктап кете турган болсок, негизинен ото орчундуу маселелер козголду бул жыйыныбызда. Чет олкодо иштеп жургон жаштарыбыздын ан-сезими осуп жаткандыгы байкалды. Интернет аркылуу уюштурулган бул алгачкы кыргыз бизнес-форумун жыйынтыктап жатып ичимде чон умут пайда болду. Кыргызстандын айкын келечеги бар экендигине козум жетти. Бир кун келип ушул жаштарыбыз бийлике келишсе, жана чет жерлерде оздоштургон жаны технологияларды, жаны идеяларды олкобузго алып келишсе, Кыргызстан онугуу жолуна тушот. СССР убагынан бери бийлик талашкан эски саясатчылар, жаштарды физический куч катары гана колдонуп, майданга топтоп окко айдагандын ордуна жаштардын да пикирин, оюн угуп коюшса болмок. 19 жылдан бери эч бир онугуу болгон жок Кыргызстанда. Онугуп жаткан чет мамлекеттерди коруп ич ачышат, качан мамлекетибиз ушундай болуп онугот экен деп…

Созумду аяктап жатып бийликтеги атка минерлерге кайрылаар элем. Эртен Алла алдында сурак болот, элдин нанына, ырыскысына тийбегилечи! Кыргыз эли эч кимдин менчиги эмес, каалаганда тоого, каалаганда ойго айдагыдай! Элибиз тарыхтагы эн эски улуттардын бири болуп эсептелет, ушул кунго чейин кыргыз баатырлары калкыбызды коргоп сактап келди. Канчалаган улуттар эгемендуулугун жоготуп, мамлекетсиз, эрксиз жашап журуп жок болуп кетуудо. Эгер чынын айта турган болсок мамлекеттин эн негизги байлыгы бул – эл болуп эсептелет! Элибизди барктабай тентитип жибердик дунуйо жузуно. Эртен кимди бийлеп, башкармакчы болуп жатасынар? Ар беш жылда элди чогултуп курултай откозуп тонкоруш жасагандын ордуна, ошол элди топтоп бизнес-форумдарды откоруп, кичи ондуруш ишканаларын ачып берууго жардамчы болсонуздар, маалымат жагынан, каражат жагынан мумкунчулуко жараша. Элибиз иш менен камсыз болсо, байыса мамлекет да байыйт. Акыл уйроткондой болбоюн бирок китепти ачып, мамлекет деген бул эмне экенин окуп корсонуздор эле тушунуктуу болот деп ойлойм. «Мамлекет – бул белгилуу бир аймактын чегинде, калктан чогулган салыктын негизинде …» деп жазылган. Эгер калкыбыз жумушсуз болсо, жашоо денгээли томон болсо, бул корунуш мамлекеттин коопсуздугуна да коркунуч туудурат. Качанга чейин карызга жашайбыз?

Ошондуктан «Бириккен Кыргыз Атуулдары» коомдук бирикмесинин атынан суранаар элем. Экономика тармагына мамлекеттик денгээлде конул бурулуп колдоо корсотулсо жакшы болмок. Чет жерде жаны кесиптерди аркалап, жаны технологияларды оздоштуруп иштеп жургон атуулдарыбыздын Кыргызстанда ар тармакта кичи ондуруш ишканаларын ачып иштетуусуно шарт тузулсо, жаны жумуш орундары пайда болмок, экономикабызга да чон салым кошулмак. Бугун болбосо качан – биз кылбасак башка ким келип кылып берет бизге?

«Душман суйдуруп айтат – дос куйдуруп айтат» демекчи биз да куйгонубуздон жазып жатабыз. Эгер критика катуу тийсе кечиресиздер!

Бар бололу – бир бололу кыргыз калкым!

Медербек Адылбек уулу – «Бириккен Кыргыз Атуулдары» коомдук бирикмесинин чет олколордогу жалпы координатору.


УШУЛ АДРЕСТЕН ГЕЗИТКЕ КИРИП ОКУСАНЫЗДАР БОЛОТ: http://www.presskg.com/as/




Просмотров: 2382 | Добавил: unitedkg | Рейтинг: 3.0/2
Всего комментариев: 0
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]
БИРИККЕН КЫРГЫЗ
БИЗДИН ГИМН
КЫРГЫЗЧА САЙТТАР










Календарь
«  Ноябрь 2010  »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930