Биздин максат

Койгойлуу ойлордон ишке отуу.

Коомубузда кундон кунго жан кейитерлик окуялардын болуп жатканы 3 кишиден бирооно жаккан болсо экооно жакпай ойлонткону анык. Ошол коомдун учтон бирин тузгондор, элдин жердин улуттун кызыкчылыгынан озунун кызыкчылыгын жогору койгон озубуздун эле катарда чонойгон акылы кем манкурт жарандарыбыз. Алар кимдер? Алар бугунку куну Кыргызстандагы жагымсыз окуялардын авторлору, Алар биргелешип кызмат кылууну билбеген озун суйуп озум билем деген чиновниктер, Алар элдин кыйынчылыктарын коргонго козун май басып уй булосунун жыргалчылыгына машырканып жашаган акылсыздар. Кун сандап менмин деген акылдуу кучтуу жаштарыбыз жумушсуз тентип озгонун жерине агып баратканы, билимге илимге суусап осуп жаткан оспурумдорубуз акчанын айынан мектептерде, жогорку окуу жайларда отуруунун ордуна салпактап акчанын айынан не деген азаптарды коргону тиги манкурттардын оюна да келбегени окундурот. Олкобуздогу эн эле суудай керектуу болгон медициналык тейлоо, билим беруу тармагы, айыл чарба тармагы, ондуруш тармагы, аскердик корогонуу тармагы, салык тармагы, туризм багыты, Кен байлыктарды оздоштуруу багыттарында эффективдуу, системалуу башкаруу жокко эсе. Эскирген союз мезгилиндеги башкаруу методдору менен жан коруп келишет. Жаныча изденуу, жаныга умтулуу жок. Бул нерселердин эн негизги себеби тез тез чиновниктердин алмашуусу себеп. Жаны орунга келген жетекчи ал тармакка жаныча иштоону ойлонбойт, ал тезирээк оз капчыгын толтурууну ойлойт. Мен бул бир мисал менен эле биздин башкаруу системасынын рагы (РАК) эн эле оорулуу жузун билдиргим келди. Жана ошондой эле бугунку бийликтеги озубуз ишеним корсотуп дайындаган жетекчилерибизден дагы эч кандай жарытарлык жыйынтык чыкпасын мен кесе салып айткым келет. Алар Эл учун иштебешине кепилдик берем. Анда баарыбызда суроо пайда болот. Эгер журт башчыларыбыз биздин камыбызды ойлонбосо анда биз кантебиз деген.

Ооба бул суроону бугунку кундун ар бир акыл эстуу жараандары   озуно берип жыйынтык чыгаруусу зарыл. Мен айтып кетээр элем бул суроону корогочтук кылып мындан 10-15 жыл мурда озуно берип,  жок мен жонундо мамлекет кам корбойт экен демек мен озумо озум кам корушум керек деп оздорун тобокелге салып чет олколорго жумуш издеп кеткен мигрант жарандарыбыз бар. Мигрант мекендештерибизден айлансак болот. Ошолордун эсебинен бугун элибиз кун коруп жатат. Азыр тушунгон адам учун 1 чиновниктен коро Россияда стройкада же соодада же башка тармакта иштеген озубуздун 1 мигрант уулубуз артык. Себеби ошол озубуздун уул кыздарыбыз ыссыкты ыссык дебей, суукту суук дебей бешене тер менен тыйынды тыйынга улап, мекенибизге акча салып турушат, ата-энелеризди багышат, студенттерибизди окутушат, жада калса чон чон ири долбоорлорго комоктошуп кыргыз учун кызмат кылышат. Жылуу уйдо, жылуу кабинетте, жылуу кызматтык машинеде журуп алып, элдин мулкун кантип тоносом деп жургон акылсыз костюм кийген галстук тагынган журт душмандарын Кудай урсун.

Бул айтылган койгойлор бул кунго чейин айтылып келген, айтып жатышат жана айтыла берет. Бирок эч ким чечпеди, буга баарыбыз кубобуз.  Бул маселелер айтылып эле кала бербестен ирети менен чечиле башташы учун Кыргызстандын акылдуу, билимдуу, ыймандуу, корогоч, тажрыйбалуу мекенчил атуулдарын бир кучко бир уюмга бир билекке бириктируу керек. Ушул максаттарды коздогон коптогон чет элдеги атуулдарыбызды, олкобуздун ичиндеги жарандарыбыздын башын бириктирип жаныча иш тутууну, негизгиси Кыргызстандын эли учун кызмат кылууну, ата мекендик ондурушту жандандырууну жана Кыргызстандын тарыхында онугуунун жаны барактарын ачууну  максат кылган жигиттердин координаторлугу астында "Бириккен кыргыз Атуулдары" коомдук бирикмеси тузулду!

 

Уюмдун максаты

 

sbor_biriguu

Баарыбызга белгилуу чиновниктер кресло талашкандан башка эч нерсеге жарабай калышты. Алар оздору менен оздору эле талашпастан элди коогаланга салып, элди аралаштырып, оз кызыкчылыктарына колдонушууда. Кыргызстанда ар бир 5 жылда бул нерселер адатка айланып, кыргыздын чыныгы тагдырын ойлоонун ордуна озунун 5 жылдык креслосунун камын коруп, улуттун кызыкчылыгын такыр унутуп коюшууда. Коомдун максаты Эл-журтубузду ушул баш аламандан куткаруу керек. Кантип? Элибиз азыр кимге ишенич арттырууну билбей калды. Бары бирдей экен булар, жакшылык булардан артпайт деген тушунукто калышты.

Бугун биздин колдон дээрлик коп нерсе келет. Себеби биз кимбиз? Биз  бирибиз Туштук Кореада ар кандай автомобиль тетиктерин ондургон чон заводдо иштейт, бирибиз Россиянын ири шаарында курулуш материалдар ондургон заводунда эмгектенет, бири интелектуалдык денгээли жогору мамлекетте башкаруу жаатында иштесе, бири жонокой соода сатык чойросундо иштейт, бири тээ океандын ары жагында компьютердик технологияны багындырса, бири жонокой кунумдук колдонулуучу тамак аш азыктарын чыгаруучу жана кийим кече чыгаруучу женил онор жайларында иштешет. Бул жарандарыбыз чет мамлекетте эмгектенуу менен Кыргызстан учун милиарддаган акча сатып ала алгыс коп жааттуу тажрыйбаларга ээ. Эгер биз ошол оз козубуз менен коруп, оз колдорубуз менен чет мамлекетте кылган иштерибизди оз олкобуздо жасасак, биз энсеген онуккон жылдыздуу чыныгы Эгемен Кыргызстан мамлекетин тез арада бутуна тургузуу, биздей, кыргыздын жаш муундарынан тузулгон уюм учун эч кеп эмес. Биздин коом дагы кайталап кетким келет - коп жааттуулугу, коп кырлуулугу, коп багыттуулугу менен айырмаланат. Кандайча деген суроого жооп берем. Бугунку кундо акчасыз бир кадам басуу кыйын кез. Ал эми акча маселесин тартуу маселесин да жолго койгонбуз. Ал учун биздин коом ички жана сырткы инвестицияны тартуу максатында ар тармакта долбоорлорду иштеп чыгып жатабыз.

Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен атымды жаздырып калтырам деген бардык жарандарыбыз биздин коомго ар кандай мумкунчулуктору менен мучо боло алышат. Кимдир топтогон тажрыйба ой пикири менен, кимдир бироо иштелип чыккан долбоорлорду ишке ашыруу максатында каржылоо багытында, эч болбоду дегенде коомдо колунан келген жондомдуулугу менен кызмат кылып комоктошсо да болот. Айтайын дегеним алгачкы долбоорлорду ишке ашыруу озубуздун шарты бар мучолордун арасынан эле инвестиция топтоп ишке ашырып жатабыз, кийинчерээк жогорку денгээлге чыгып, чон донорлорду дуйнолук инвестиция уюмдарын тартабыз.

Коомдун мучолорун ойго салган койгойлорун ортого салып кетуу керек. Мисалга алсак, биздин азыктанып жаткан тамак аш продукциясынын копчулук пайызы чет мамлекеттин ондурушундогу продукция болуп, биздин чет мамлекеттеги уул кыздарыбыздын тапкан акчаларын кайра эле ошол чет мамалекеттин продукциясын сатып алуу менен Кытайга, Казакстанга, Россияга сарптап жатабыз. Бул нерсе эн окунучтуу маселе. Неге журт башчылары колдоп Атамекендик ондуруштун продукцияларын олкобуздо ондурбойбуз? Биз бул суроого жоопту жогорку бийликтен издеп убара болбойбуз, себеби бул суроо жоопсуз калышы тастыкталган корунуш. Ал эми биздин коомдун бирден бир эн маанилуу тапшырмасы бул Атамекендик ондурушту жанылоо, жандандыруу Кыргызстанды камсыздоо, керек болсо приоритеттуу багыттарда башка мамлекеттер менен тен тайлашуу, башкача айтканда экспортко чейин чыгып дуйного Кыргызстандын продукцияларын таанытуу.

 

uiumdun_strukturasiКоомдун структурасы:
  1. Координатор.                                                       (тен тайлаш мучо)
  2. Аймактардагы окулчулуктор (офистер).          (тен тайлаш мучо)
  3. Инвесторлор                                                        (тен тайлаш мучо)
  4. Долбоор иштеп чыгуучулар                               (тен тайлаш мучо)
  5. Катардагы кызматчылар                                    (тен тайлаш мучо)

Жогорудай болуштуруунун максаты - ишти эффективдуу турдо алып кетуу ниетинде болуштурулду. Себеби ар бир кызматтагыларга оздоруно тиешелуу тапшырмалар берилет. Бирок баардык мучолордун укугу, денгээли бирдей болот. Уюмубузга улутуна карабай, жашына жынысына карабай, билим денгээлине, байлыгына, абалына карабай мучо болууга мумкун. Эн негизги максат чын дилден кыргызым учун кызмат кылуу ниети болгон бардык жарандарыбыз кошула алышат.

Коомубуздун алдыга койгон максаттарында жакынкы келечекте бизнес мектептерди уюштуруу, коомдун озунун гезити, жана  коптогон багыттагы ондуруштук кичи ишканаларды ачуу турат. Бизнес мектеп- бул шыктуу, илим билимдуу дилгир, патриот жаштарды бир жерге топтоп, бизнес ой пикирлерди ойлоп табуу, долбоорлорду иштеп чыгуу жана аларды ишке киргизуу, колдон келсе чет мамлекеттерге ондуруштук тажрыйба алмашуу сапарларга жонотуу менен алек болгон борбор.

 

Коомубуздун менчик гезитин ачуунун максаты- томонкучо:

1.      Гезит бул эн коп таратылуучу маалымат каражаты болуп саналат;

2.      Биздин негизги максаттардын бири бул ак дилден кылган иштерибиз менен элдин журогуноно тунок табуу;

3.      Оз коомубуздун чегинде ондурулгон атамекендик продукцияларды жарыя кылуу;

4.      Коомубуздун жеке коз караштарын озубуздун гезитте чагылдыруу;

5.      Экономикалык социалдык жана саясый  корунушторго коомубуздун коз карашы менен саресеп салуу;

6.      Рекламалык, коммерциялык рубрикаларды чыгаруу;

7.      Коомубуздун финансылык коз карандылыгына аз да болсо булак болуп саналат.

Мындан тышкары, бир топ проекттер даярдалууда. Азыркы кундо алардын алгачкылары ишке ашырыла баштады.


http://www.birkg.ru/index.php?option=com_content&view=article&id=3&Itemid=13




БИРИККЕН КЫРГЫЗ
БИЗДИН ГИМН
КЫРГЫЗЧА САЙТТАР










Календарь
«  Апрель 2024  »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930