Главная страница

logo_web_BKA

"Бириккен Кыргыз Атуулдары" уюму 2010 жылдын Май айында, чет олколордо эмгектенип жургон кыргыз атуулдары тарабынан негизделген;

- Сентябрь айында уюмдун мучолорунун инициативасы менен кыргыз жарандары учун алгачкы онлайн бизнес-форум уюштурулуп, уюмдун иш алып баруу багыттары тандалган. Бул багыттар:

1. Кыргызстандын ата-мекендик ондурушун жандандыруу;

2. Кыргызстанда кайра иштетуу тармагын жандандыруу;

3. Кичи ондуруш жана кайра иштетуу ишканаларын ишке киргизуу менен, кыргыз элин оз олкобуздо жумуш менен камсыз кылуу.

- 10-Октябрь куну мучолор арасында откон чогулушта уюмдун жетекчиси тандалган жана уюмду расмий турдо каттоодон откоруу тууралуу чечим кабыл алынган. Ушул эле жыйналышта уюмдун аймактардагы жергиликтуу окулдору дайындалган;

- Ноябрь айында "Бириккен Кыргыз Атуулдары" уюму расмий турдо Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигинде катталган жана Бишкек шаарында уюмдун офиси ачылган;

- Декабрь айында, Кыргыз экономикасына жаны технологияларды киргизуу жана олкодо Ондуруш, кайра иштетуу багыттарын жандандыруу максатында, 2,3 Апрель кундору Бишкек шаарында эл аралык коргозмо уюштуруу жонундо чечим кабыл алынып Орусия, Турция жана Кытай мамлекеттеринин ондуруш жана кайра иштетуудо колдонулган тетик машиналарын чыгарган ишканаларына коргозмого чакыруу жонотулгон;

- Ушул эле айда ич ара кызматташуу боюнча Кыргызстандын Соода жана Онор Жай палатасы менен келишим тузулгон;

- Январь айында, уюмубуздун окулдору, Россиянын Ржев шаарында уюштурулган кыргыз ишмерлеринин Кыргызстандын экономикасына багытталган бизнес-форумуна катышып  пикир алмашкан;

- 2-февраль куну Бишкек шаарында откон Кыргыз-Турк бизнес форумуна кыргыз ишкерлери жана 150 го жакын турк ишкерлери, Турциянын премьер министри Тайип Эрдоган, кыргыз бийлик окулдору, "Бириккен Кыргыз Атуулдары" уюмубуздун жетекчиси Жыргалбек Исмаилов катышкан. Турк ишкерлери тарабынан томонку багыттардагы бизнес сунуштар сунушталган: Медицина, Кен казуу, айыл чарба азыктарын кайра иштетуу, текстил, мал чарбачылыгынын ондурумдуулугу боюнча, Курулуш материалдарын ондуруу жана сатуу ж.б.у.с багыттар. Биздин коптогон ишкерлерибиз оздору учун пайдалуу партнерлерду табышып, биргеликте иш баштоо келишимдери тузулгон.

Азыркы учурда биздин уюм коптогон кыргыз атуулдарынын башын бириктирип бир топ проекттердин устунон иштеп жатат.

Биз, "Бириккен Кыргыз Атуулдары", баардык кыргыз жарандарын биргелешип иш алып барууга чакырабыз! "Кыргызстан" деп журогу соккон уул кыздарыбызга эшигибиз ар дайым ачык! Болунуп топ-топ болуп, чачыранды болуп журо бербей, баарыбыз бир туунун астында биригип, бир максатты - Кыргызстанды онуктуруу, кыргыз элин жумуш менен камсыз кылуу максатын алдыга коюп, бир женден кол чыгарып иштейли! Бар бололу - бир бололу кыргыз калкым!

Биздин жаны расмий сайтыбыз: www.birkg.ru






БИРИККЕН КЫРГЫЗ
БИЗДИН ГИМН
КЫРГЫЗЧА САЙТТАР










Календарь
«  Апрель 2024  »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930