Кыргыз элине кайрылуу



Бош убактарымда интернетке кирип мекенден алыста эмгектенип жургон кыргыз боордошторум менен маектешем. Маектештеримдин баарынын журок оорусу Кыргызстан. Акыркы убактарда мекенибизде болуп жаткан окуялар чет жерде эмгектенип жургон кыргыз жарандарын тынсыздандырбай койбойт...

Мекендештер менен суйлошуп отуруп аларга ичимден ыраазы болуп кетем. Ондогон жылдардан бери оз камын ойлогон бийлик тарабынан унутулуп, тагдырдын кол шилтоосуно туш болгонуна карабастан акча таап, уй-булоосун, ата-энесин багуу айласында, ата бабабыз кадам баспаган дуйнонун ар кайсы булун бурчуна барып кыйналдым дебей, ар кандай жумушка конуп, чыдап иштеп жургон кыргыз элимди коруп таазим кылгым келет. Мындай нерсе ар элдин эле колунан келе бербейт, дуйнонун 3-чу олколорундо жыл сайын миндеген адамдар ачкалыктан олумго дуушар болушат.

Тилекке каршы элибиз ишенип шайлап, колдоп келген атка минерлер элдин ишеничин актабады. Азырга чейин эл учун, мамлекет учун иштоонун ордуна, алар дагы деле биринин этин бири жеп, бийлик талашып, орун талашып, мамлекетти жарытып, талап-тоноп, элди кыйнап келишет. Сиз добуш берип шайладыныз, сиз майданга чыгып кан токтунуз ал адамдар учун. Бирок алар бир жолу болсо да босогонузду аттап сурап койдубу акыбалынызды? "Кантип нан таап жашап жатасын элим” деп? Мен ойлойм – жок!

Томонкудой суроо туулат: дагы канча жыл талаада, чет жерде тентип журобуз? Биз го ушул кундорду коруп, кыйналсак да чыдап уйрондук, бирок биздин балдарыбыздын тагдыры кандай болот? Алар да башка элге малай болобу? Журок сыздаса да, турмуштун кыстоосунан улам жаш балдарын алыска, чет жерге жонотуп жаткан ата-энеге боорум ооруйт.

Эмне себептен мамлекетибиз ушул абалга дуушар болду деген ой туулат? 19 жыл мурун баардык КМШ олколору менен бирдей эле убакта СССРдин курамынан чыгып эгемендуулук жолунда кадам таштадык. Бирок эмне себептен азыркы кезде КМШ олколору арасында эн артта калып, карызга белчебизден батып отурабыз?

"Балык – баштан сасыйт” деген жакшы макал бар элибизде. Бала-чакадан кемпир чалга чейин эле баары саятчы болуп кетишти. Мунун зыяны эле болбосо – эч пайдасы жок.  Эртеден кечке баардык массалык маалымат каражаттарынан саясат тууралуу, шайлоо тууралуу, партиялар тууралуу маалымат бере бербестен элдин оюн, кучун башка тарапка жумшоо керек. Мисалы экономика тармагына. Ар куну ар кайсы ондуруш ишканалары ТВ ден корсотулуп, гезит беттеринен жарыяланып турса, элибиздин конулу да ошондой нерселерге бурулмак. Бири бирине улгу болуп дегендей. Ошондо коптогон кичи ишканалар ачылып, элибиз да иш менен камсыз болуп баштамак. Эн негизгиси элде кызыгуу пайда болмок жумушка.

jegich_chinovnikterСозумду аяктап жатып бийликтеги атка минерлерге кайрылаар элем. Эртен Алла алдында сурак болот, элдин нанына, ырыскысына тийбегилечи! Кыргыз эли эч кимдин менчиги эмес, каалаганда тоого, каалаганда ойго айдагыдай! Элибиз тарыхтагы эн эски улуттардын бири болуп эсептелет, ушул кунго чейин кыргыз баатырлары калкыбызды коргоп сактап келди. Канчалаган улуттар эгемендуулугун жоготуп, мамлекетсиз, эрксиз жашап журуп жок болуп кетуудо. Эгер чынын айта турган болсок мамлекеттин эн негизги байлыгы бул – эл болуп эсептелет! Элибизди барктабай тентитип жибердик дунуйо жузуно. Эртен кимди бийлеп, башкармакчы болуп жатасынар? Ар беш жылда элди чогултуп курултай откозуп тонкоруш жасагандын ордуна, ошол элди топтоп бизнес-форумдарды откоруп, кичи ондуруш ишканаларын ачып берууго жардамчы болсонуздар, маалымат жагынан, каражат жагынан мумкунчулуко жараша. Элибиз иш менен камсыз болсо, байыса мамлекет да байыйт. Акыл уйроткондой болбоюн бирок китепти ачып, мамлекет деген бул эмне экенин окуп корсонуздор эле тушунуктуу болот деп ойлойм. «Мамлекет – бул белгилуу бир аймактын чегинде, калктан чогулган салыктын негизинде …» деп жазылган. Эгер калкыбыз жумушсуз болсо, жашоо денгээли томон болсо, бул корунуш мамлекеттин коопсуздугуна да коркунуч туудурат. Качанга чейин карызга жашайбыз?

Ошондуктан «Бириккен Кыргыз Атуулдары» коомдук бирикмесинин атынан суранаар элем. Экономика тармагына мамлекеттик денгээлде конул бурулуп колдоо корсотулсо жакшы болмок. Чет жерде жаны кесиптерди аркалап, жаны технологияларды оздоштуруп иштеп жургон атуулдарыбыздын Кыргызстанда ар тармакта кичи ондуруш ишканаларын ачып иштетуусуно шарт тузулсо, жаны жумуш орундары пайда болмок, экономикабызга да чон салым кошулмак. Бугун болбосо качан – биз кылбасак башка ким келип кылып берет бизге?

Бар бололу – бир бололу кыргыз калкым!

 

Медербек Адылбек уулу - "Бириккен Кыргыз Атуулдары" уюмунун Долбоорлор бөлүмүнүн жетекчиси.


















БИРИККЕН КЫРГЫЗ
БИЗДИН ГИМН
КЫРГЫЗЧА САЙТТАР










Календарь
«  Апрель 2024  »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930