Главная » 2010 » Октябрь » 24 » . Бизнес-семинар: "КЫРГЫЗСТАН - ОНДУРУШ ОЛКОСУ" башталды!
21:17
. Бизнес-семинар: "КЫРГЫЗСТАН - ОНДУРУШ ОЛКОСУ" башталды!


Баарыныздарга эле белгилуу болгондой элибиз да, мамлекетибиз
да оор кундорду башынан откоруп жаткан убак. Тарыхта мындан да оор турмушту коргон кыргыз элим: оз жеринен куугунтукталган, кыргынга учуратылган. Бирок элибиз чыдамкай жана кучтуу эл. Коптогон кыйынчылыктарга дуушар болгонуна карабастан азыркы кундо мына Кудайга шугур эгемендуу мамлекетибиз бар, жерибиз
бар. Бирок оз жерибиз, оз мекенибиз туруп копчулук боордошторубуз азыр деле турмуштун куугунтуктоосунда журот чет жерлерде уй-було багам деп.

Ушул кыргыз жери учун, кийинки муундар эч ким кимге коз
каранды болбой бакубат жашасын деп ата-бабаларыбыз кылымдар бою душман менен курошуп келген.

Бирок тилекке каршы биздин кээ бир атка минерлер бул эгемендуулугубузду баалабай, жерибизди да, элибизди да, эркиндигибизди да сатып келишет бир оздорунун менчиги сыяктуу.

Ушундай Ала-тоосу, Ысык колу, Фергана ороону бар, коптогон
маданияттардын башаты болгон, бешиги болгон, жумшак климаттуу, Азиянын борборунда жайгашкан оз жерибизде иштесек болбойт беле баарыбыз чет жерлерде тентибей, чет элдин кызматын кылбай? Эмне себептен дуйно жузуно тентип кетти
кыргыздын жумушка жарамдуу кыз жигити?

Себеп айкын! Оз жерибизде иш жок иштейм десен. Алган айлыгын
эч нерсеге жетпейт. Экономика туруксуз жана ото алсыз.

20 жылдан бери бийликтегилерден жана бийликке умтулгандардан
ниет кылып умуттонуп келет элибиз, онолуп кетээр турмушубуз деп. Дагы качанга чейин кутоорубуз белгисиз. Ошондуктан бийликтен эле умуттонуп кол куушуруп олтура бербей озубуз да ойлонолу кыргызстандын эртенки кунун жана биргелешип
аракет кылалы. Коп которгон жук женил болот деп бекер айтылган эмес. Аракет кылсан – берекет болот демекчи, биз аракет эле кылсак – берекет созсуз болот!

Баарыбыз дуйнонун ар бурчунан кирип бул жерде чогулуп
жатканыбыздан улам, жагдайыбызга жараша, Кыргызстандын экономикасына, ондурушуно багытталган бул Бизнес-Семинарыбыз азырынча Интернетте отуп жатат. Кийинчерээк Кудай буюрса биргелешип Кыргызстанда иш жургузуп калсак жузмо жуз жолугуп
откоруп турабыз ушундай талкуулоолорду. Ушуга ниет кылалы туугандар! Бир кун баарыбыз оз Кыргызстаныбызда жолугуп учурашып суйлошо турган кунго жеткирсин Жараткан!

Томонку темалар боюнча оз сунушунарды "Бириккен Кыргыз Атуулдары" сообществосуна киргизсениздер болот:

1.   Кантип Кыргызстандын экономикасын онуктурууго болот?

2.    Кандай ондурушторду ачуу керек?

3.    Кандай технологияларды киргизуу керек?

4.    Кайсыл тармак приоритеттуу же болбосо кайсы тармакта конкурент боло алабыз башка олколор менен?

Арабызда ар кесиптин, ар жумуштун окулдору бар. Чон шаарлардын диаспора жетекчилери, бизнес  ээлери да бар. Баарынар тартынбай оз оюнарды айта кетсенер. 1 баш жакшы, 2 баш андан жакшы, 1000 баш аябай эле жакшы:).
Ошондуктан ушул семинарга оз сунушунузду киргизуудон тартынбаныздар, туура эмес нерсени жазып алам деп ойлобонуздар, активдуу катышуунарды кутобуз! Алга кыргызымдын чыныгы атуулдары, патриоттору!!!

(Бизнес-семинар 10-Октябрга чейин  созулат, 10-Октябрда сунуштардын ичинен тандалган
багыттар боюнча биргелешип иш башталат)



Просмотров: 1999 | Добавил: unitedkg | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 2
2 умуш  
0
мал чарбасын өнүктүрүп эт-сүттү экспорттосо болсо керек

1 Элбир  
0
горнолыжный спорт приоритеттуу болот деп ойлойм, анткени Кыргызстан тоолу жер. Туризм

Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]
БИРИККЕН КЫРГЫЗ
БИЗДИН ГИМН
КЫРГЫЗЧА САЙТТАР










Календарь
«  Октябрь 2010  »
ПнВтСрЧтПтСбВс
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031